Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Бангладеш Республикасынын Элчиси менен жолугушту
Бүгүн, 21-Май, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Бангладештин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Мохаммад Ислам Монирул менен жолугушуп, миграцияга байланыштуу маселелерди талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграциялык процесстердин учурдагы абалын жана мигранттардын абалын жакшыртуу боюнча чараларды, анын ичинде аларды социалдык коргоо жана ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты. Кыргызстан менен Бангладештин миграция тармагындагы кызматташтыгы мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылууда чоң мааниге ээ экендиги белгиленди.
Эки тарап тең мигранттарга жагымдуу шарттарды түзүү жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында бул жаатта кызматташууну жана тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Министрдин орун басары жана элчи диалогдун жана миграция жаатында эки өлкөнүн алдында турган чакырыктарды чечүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.