Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрдык резервге сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кадрдык резервге кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунга сынак жарыялайт.

Калкты иш менен камсыз кылуу секторуна жетектөөчү адис (М-Б)

Көндүмдөрү:

–           Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу

–           Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо

-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-август №214 “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

– Жеке арызы

– Кадрларды эсепке алуу баракчасы

– резюме, өмүр баян

– Өздүк таржымал (Соттолбогондугу  бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

– 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт

– Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

– Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү

(көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшүкерек)

– Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку  иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек

– кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү

– жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт

 Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10( он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон-Ата ш. Совет көч.№ 75А кабыл алынат кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс),  0500055015

Пайдалуу
Ссылкалар