«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын май айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 8 – 15 – майына чейин 1283 телефондон кайрылуу (бир суткада 183 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 36 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 13 же 36,1 % жаш балдар, ал эми 23 же 63,9 % чоң кишилер), 22 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 8 абонентке психологиялык консультация берилген, 6 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

36 чалуунун ичинен: эркектерден – 6 (16,7%), аялдардан – 17 (47,2%), эркек балдардан – 3 (8,3%), кыздардан – 10 (27,8%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 11 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 9 (балдар 2);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 6 (балдар 5);

– психологиялык жабырлануу менен – 5 (балдар 4);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 ( балдар 2);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 1 (балдар 0).

1247 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 10 (27,8%);

– Чүй облусунан – 4 (11,1%);

– Жалал – Абад облусунан – 4 (11,1%);

– Ош облусунан – 3 (8,3%);

– Ош шаарынан – 3 (8,3%);

– Талас облусунан – 2 (5,6%);

– Баткен облусунан – 1 (2,8%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 9 (25,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар