Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 22-майда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин катышуусунда “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, “социалдык контракт” программасынын катышуучулары жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар катышты.
“Социалдык контракт” программасы өлкөдө 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда жана жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оор турмуштук кырдаалды жеңүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.Программанын катышуучулары экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө чакан бизнес ачуу үчүн мамлекеттен 100 000 сомдон акысыз алышат.
2022-жылдын февраль айында “социалдык контракт” программасы Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда ийгиликтүү пилоттон өтүп, алгачкы 100 үй-бүлө мамлекеттен каражат алган.
Пилоттун жыйынтыгы боюнча ошол эле жылдын июнь айында мамлекет менен социалдык контракт түзгөн 2 800 үй – бүлө, 2023 – жылы 10 миң үй-бүлө, ал эми 2024-жылга 20 миң үй-бүлө менен контракт түзүү пландаштырылууда.
Бул долбоорго республикалык бюджеттен 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул каражатка өлкө боюнча социалдык контракттын катышуучулары тарабынан 144 бал челек, 7 балык чарбасы, 28 күнөскана, 79 канаттуулар фермасы ачылган. 1886 тигүү цехи, 36 курулуш материалдарын чыгаруучу цех, самын чыгаруучу 24 цех, 17 биожерсемирткичтер, 46 тамак – аш азыктары.
Катышуучулардын 295и унаа ташуу менен, 250 нан жана кондитердик азыктарды бышыруу менен алектеништи. 58 унаа оңдоочу жай, 28 мончо, 48 сулуулук салону ачылып, монтаждоо, билим берүү, текшерүү, тазалоо жана башка кызматтарды көрсөтөт. Өлкө боюнча 841 соода түйүндөрү ачылган. “Социалдык контракт” программасынын катышуучулары алган кирешелеринин аркасында өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн жашоосун жакшырта алышты. 70 миңден ашуун адам жашоосун жакшыртууда. Андан тышкары, программанын катышуучулары тарабынан 18 миңге жакын жумуш орундары түзүлгөн.
БУУнун деңгээлинде Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун демилгеси жакырчылыкты жоюунун натыйжалуу модели катары таанылып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ишке ашырууга сунушталган.
Пайдалуу
Ссылкалар