Эмгек министрлиги  Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековдун Кадамжай психоневрологиялык мекемеси боюнча маалыматына комментарий берди

 

Министрликтен  билдиришкендей, өткөн жылдын декабрь айында күндүз имараттын температурасы төмөндөп кеткендиктен, жылытууда кыска мөөнөттүү көйгөйлөр жаралган. Бирок кырдаал өз убагында оңдолду.

Жооптуу кызматкерлерге чаралар көрүлүп, жазага тартылышкан.

Анын үстүнө, бардык 17 социалдык стационардык мекемелердин имараттары совет мезгилинде, айрымдары 1936-1940-жылдары курулган. Көпчүлүк ССМ дерде капиталдык оңдоо, анын ичинде жылуулук системасы бир да жолу жасалган эмес.

Кызмат алуучулардын тамактануусуна байланыштуу, 2022-жылдын 1-январынан баштап тамак-ашка акчалай жөлөкпул 100 пайызга жогорулаганы белгиленген. Кызмат алуучулардын күнүмдүк тамак-ашынын акчалай ченемдери чоңдор үчүн 200 сомду (бир кишиге) жана балдар үчүн 220 сомду түзөт. Мындан тышкары, учурда физиологиялык ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилди, кызмат алуучулардын тамактануусу жакшыртылды.

Белгилей кетсек, социалдык стационардык мекемелер медициналык мекеме болуп саналбайт, зарыл болгон учурда кызмат алуучулар аймактык саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык кызмат алышат. Буга байланыштуу бул мекемелер дары-дармектерди минималдуу (12,5 – 12,8 сом) колдонушат.

Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинетинин чечими менен интернаттардагы кызмат алуучулардын жашоо шартын, имараттарга муктаждыгын, оңдоп-түзөө иштерин, анын ичинде дары-дармектердин күнүмдүк бөлүнүшүн ж.б.у.с. көзөмөлдөө боюнча комиссия иштеп жатат. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча кызмат алуучулардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар Министрлер Кабинетине киргизилет.

Пайдалуу
Ссылкалар