Эмгек министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек балдар марафонун ачты

“Биздин балдар – планетанын келечеги” бир айлыгынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек Кемин районунда өткөн балдарды коргоо күнүнө арналган марафондун ачылышына катышты.
Аталган марафонду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “За – Кемин үчүн” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурган.
Иш-чарага ошондой эле, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси К. Шакиров, Кемин районунун Орловка шаарынын мэри Б.Чанчаров катышты.
“Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү кокусунан болгон жок. Ал бизге, чоңдорго, келечек муун алдындагы жоопкерчилигибизди эскертет. Биздин милдет-ар бир бала дени сак, бактылуу жана корголгон бойдон өсө ала турган шарттарды түзүү. Балдар биздин келечегибиз экендигин жана бүгүнкү ишибиз эртең дүйнө кандай болорун аныктайт.
Спорт Ден соолук гана эмес, тартип, достук жана өз ара жардамдашуу экенин баарыбыз билебиз. Келгиле, бул баалуулуктарды күнүмдүк жашообузга киргизип, аны ар бир бала үчүн жакшыраак кылалы”, – деди министрдин орун басары.
Марафондун катышуучулары үчүн анимациялык спектакль, түшкү тамак уюштурулуп, балмуздак таркатылды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар