Эмгек министринин биринчи орун басары Ж. Рысбекова “Келечек” реабилитациялык борборунун кызмат алуучуларын Балдарды коргоо күнү менен куттуктады
Бүгүн, 31-майда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова “Келечек”реабилитациялык борборунда кызмат алып жаткан майыптуулугу бар Эл аралык балдарды коргоонун күнү менен куттуктады.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулуп, “Көчмөндөр оюндарынын” форматында өттү.
Балдара арасында ордо оюну, жаа атуу, салбуурун улуттук оюндар таймашы жана балдардын сүрөт сынактары уюштурулду.
Иш-чара улуттук бий, цирк артисттеринин жана аниматорлордун программасы менен коштолду. Демөөрчүлөр белектери менен балдарды кубандырышты .
“Келечек” реабилитациялык борбору КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен ачылган жана өлкөнүн бардык аймактарынан 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга жана өспүрүмдөргө реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт.
2024-05-31