Гүлнара Баатырова жарандарды жеке кабыл алды
31-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жеке кабыл алууга жазылган 12 жаранды кабыл алды.
Коомдук кабылдамада министр камкорчунун дайындалышы, жөлөк пулдун чектелиши, жумушка орноштуруу, жайкы лагерь, социалдык контракт, инклюзивдик борбордун ачылышына колдоо көрсөтүү боюнча жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту.
Бардык кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.
Эскерте кетсек, жарандар ар жума күнү саат 09.00дөн 11.00гө чейин 0312 66 01 07 телефону аркылуу кабыл алынат.
2024-05-31