Үй-бүлө институн бекемдөө жана өркүндөтүү максатында уюштурулган Кучак акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү
Бүгүн, 1-июнь Эл аралык балдарды күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында, “Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат” деген девизде “Кучак” аттуу үй-бүлөлөр арасында интернет тармагында жарыяланган бир айлык акциянын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Эмгек министри Гүлнара Баатырова белгилегендей, үй-бүлө-биздин коомдун негизги уюткусу. “Байыртадан үй-бүлө адамдын жашоосунда эң негизги ролду ойнойт. Улууларды урматтоо, үй-бүлөлүк бекем байланыш, баланы тарбиялоо жана ага кам көрүү, каада-салты сактоо сыяктуу баалуулуктар Кыргызстан мамлекетинин өнүгүү тарыхы менен далилденген. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун алгачкы Жарлыгы өлкөбүздө жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган. Ал жерде үй-бүлө – инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн пайдубалы экендиги так көрсөтүлгөн. Бүгүн биз ушул “Кучак” акциябыз менен, жашоонун кыйынчылыктарына карабастан, күчтүү, камкор жана бактылуу үй-бүлө болуп жашап келген жарандарыбызга ыраазычылык айтып кетебиз,”-деди министр.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Маданият министри А.А.Максутов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамов, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору К. Осмонов катышты.
Акциянын 40 үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер сыналгылар, турмуш-тиричилик техникалары, баш байге Алматыга жолдомо жана Жаннат Ресорт эс алуу борборуна жолдомолор тапшырылды.
“Кучак” акциясынын демөөрчүлөрү Жогорку Кеңештин депутаттары Т. Икрамов, Т. Масабиров, “SOS Кыргыз айылы”, Юнисеф, Реуvand кампаниясынын директору Г. Абдраимова, “Руханият” ассоциациясынын президенти К. Токтосартов, “Кыргызстан компьютердик спорт федерациясынын вице-президенти Тариэль Болотбек уулу, “Датка айымдар” бирикмеси кайрымдуулук фондунун жетекчиси В.С.Калыбаева жана министрликтин жетекчилиги.