Эмгек министринин биринчи орун басары Ж. Рысбекова аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун жакшыртууну тапшырды
Бүгүн, 3-июнда, санариптик социалдык паспорттордун негизинде санариптик экосистеманы киргизүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, эксперттер “аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту” модулун талкуулашты.
Иш-чара министрликтердин, ведомстволордун, эксперттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, “Санарип аймак” Автоматташтырылган маалыматтык тутумунун “Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту” модулунун актуалдаштыруу боюнча талкуу болду.
Жумушчу топтун төрайымы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова социалдык паспортторду башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен интеграциялоону аягына чыгарууну тапшырды.
«Мамлекетке жардам сурап кайрылган жарандар ыкчам маалымат алышы керек. Мамлекет тарабынан берилген жардам чындап муктаж болгондорго жетиши керек. Мындан тышкары, бир нече жылдан бери жаңыланбай келген паспорттун формасын жакшыртуу зарыл», – деди ал.
2024-06-03