Эмгек министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Японияда ишке орношуу маселесин талкуулады

 

3-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Япониянын мамлекеттик катчысы, Тышкы иштер министри Цудзи Кието менен жолугушту.

Жолугушуунун темасы тараптардын миграция чөйрөсүндөгү кызматташтыгын мындан ары бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери болду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен япония тараптын Юстиция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубатчылык министрлигинин жана Япониянын Улуттук полиция агенттигинин ортосундагы “Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” болуу статусу менен чет өлкөлүк эмгек ресурстарына тиешелүү системанын талаптагыдай иштеши үчүн маалыматтык өнөктөштүктүн базалык алкактык негизи боюнча Меморандумга кол коюлган.

Пайдалуу
Ссылкалар