«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын май айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын май айында 5426 телефондон кайрылуу (бир суткада 175 чалуу) түшкөн.

153 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 45 же 29,4% жаш балдар, ал эми 108 же 70,6% чоң кишилер), анын ичинен 99 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 23 абонентке психологиялык консультация берилген, 31 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

153 чалуунун ичинен: эркектерден – 31 (20,3%), аялдардан – 77 (50,3%), эркек балдардан – 8 (5,2%), кыздардан – 37 (24,2%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

 – социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 30 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 24 (балдар 4);

 – балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 20 (балдар 17);

– психологиялык жабырлануу менен – 19 (балдар 14);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 16 (балдар 5);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 10 (балдар 0);

– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 6 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 6 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 5 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 5 (балдар 1);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө- 3 (балдар1)

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 3 (балдар 1);

– мектептеги рекет жөнүндө – 1 (балдар 1);

– суицид жөнүндө – 1 (балдар 0).

5273 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 47 (30,7%);

– Чүй облусунан – 23 (15,0%);

– Ош облусунан – 12 (7,8%);

– Жалал – Абад облусунан – 10 (6,5%);

– Ысык- Көл облусунан – 9 (5,9%);

– Ош шаарынан – 5 (3,3%);

– Баткен  облусунан – 4 (2,6%);

– Талас облусунан – 3 (2,0%);

– Нарын облусунан – 1 (0,7%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 39 (25,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар