«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын май айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 22 – майынан 1 – июнуна чейин 1528 телефондон кайрылуу (бир суткада 152 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 45 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 14 же 31,1 % жаш балдар, ал эми 31 же 68,9 % чоң кишилер), 29 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 8 абонентке психологиялык консультация берилген, 8 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

45 чалуунун ичинен: эркектерден – 10 (22,2%), аялдардан – 21 (46,7%), эркек балдардан – 2 (4,4%), кыздардан – 12 (26,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануу менен – 8 (балдар 4);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 7 (балдар 7);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 6 (балдар 1);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 5 (балдар 1);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 5 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 4 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 3 (балдар 0);

– башка масалелер боюнча  – 2 (балдар 0);

– суицид жөнүндө – 1 (балдар 0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 1 (балдар 1);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 1 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 1 (балдар1).

1483 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 13 (29,0%);

– Чүй облусунан – 5 (11,1%);

– Ош облусунан – 5 (11,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (11,1%);

– Ош шаарынан – 1 (2,2%);

– Жалал-Абад облусунан -1 (2,2%);

– Талас облусунан -1 (2,2%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 14 (31,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар