Дүйнөлүк банктын миссиясы социалдык контрактты жакырчылыктан чыгуунун жакшы механизми катары белгиледи

 

Бул тууралуу бүгүн мамлекет менен социалдык контракт түзүп,  100 миң сомдон алган үй-бүлөлөрдү кыдыруу учурунда айтылды, деп Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Дүйнөлүк банктын миссиясы Эмгек министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Кемин районунда жашаган үй-бүлөгө барды.

Кемин районунда  Рустам Токтогазиевдин үй-бүлөсүнө барды. Рустам Токтогазиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 4 кызы бар, жөлөк пул алып келген. Эми  алган 100 миң сомуна малина тигип, кеңейтүү боюнча бизнес-планын алып барат.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун Кемин районунда Дүйнөлүк банк аркылуу  беш аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык контракт түзүштү.

Возможно, это изображение 15 человек
Пайдалуу
Ссылкалар