Эмгек министри Гүлнара Баатырова 1000 жумушсуз адамга чакан бизнес ачууга жардам берүүнү сунуштады
Бүгүн, 4-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк Банктын глобалдык практиканын социалдык коргоо жана жумуш орундары боюнча Европа жана Борбордук Азия региондорунун жетекчиси
Паола Белли менен жолугушту. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууда ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор, биринчи кезекте, чакан бизнести өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү талкууланды.
“КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контрактка кол коюлуп, аларга өз ишин ачууга 100 миң сом берилет. Мурунку эки жылдын ичинде долбоор өзүнүн эффективдүүлүгүн жана кирешесин көрсөттү. Үстүбүздөгү жылы 20 миң адам республикалык бюджеттен жана 3 миң адам Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланат.
Ошону менен бирге долбоорду кеңейтип, 100 миң сомдон иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумушсуз катары катталган 1000 жаранга берүүнү сунуштайбыз. Алар үчүн “социалдык контракт”программасынын башка катышуучулары үчүн да финансылык сабаттуулук боюнча окутуу уюштурулууга тийиш, – деди ал.
Паоло Белли социалдык контракттын ишке ашырылышын жакырчылыкты жоюунун жакшы механизми катары белгилеп, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурула турган форумда тажрыйба алмашууну сунуштады. Ошондой эле миссия калктын жан башына ИДП жогорулагандыгын белгиледи.
2024-06-04