Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова ЭЭУнун 112-отурумуна катышууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Женева шаарында өтүп жаткан Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) эл аралык эмгек конференциясынын 112-сессиясынын ишине катышууда.
Отурумга жыл сайын 5000ден ашуун өкмөттүн өкүлдөрү, ЭЭУга мүчө өлкөлөрдүн 187 жумуш берүүчүлөрү жана кызматкерлери катышат.
Сессиянын ишинин алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы ЭЭУнун башкы директору Жильбер Унго менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматкерлерди глобалдык жылуулуктун кесепеттеринен коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу алкагында эмгек саясатын калыптандыруу, жумушчулардын негизги принциптери жана укуктары тууралуу маселелер талкууланды. Кыргыз делегациясы экономиканын бардык секторлорунда эмгек акынын жогорулашы, жумуш орундарынын кыйла санын түзүү боюнча коюлган милдеттер жана бул багытта жетишилген натыйжалар жөнүндө маалымдады.
Жолугушуу жакшы өттү. ЭЭУнун Башкы директоруна Кыргызстандын “Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтукту жоюу жөнүндө” 190-Конвенцияга кошулуусу тууралуу ратификациялык грамотасы тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Эрбол Турсунбек уулу, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Женева ш.туруктуу өкүлү Омар Султанов кирди.