Эмгек министрлиги: 77 361 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.
Айына 700 кВт / саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50,0 тыйынды түзгөн, ал эми 2024-жылдын июнь айынан баштап 55,4 тыйынга арзандатуу каралган.
2024-жылдын 1-майына карата «Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 81 508 үй-бүлөнү түзөт. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо «Үй бүлөгө көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган 77361 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү, бул 94,9%ды түзөт.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби – ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.
Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан үй-бүлөлөргө туруктуу негизде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Возможно, это изображение осветительное оборудование и деньги
Пайдалуу
Ссылкалар