Эмгек министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн социалдык контрактты колдоо боюнча окутууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан өлкө боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн орун басарлары, шаардын вице-мэрлери жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары үчүн окуу уюштурулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча орун басары Дарманкул уулу Бакыттын айтымында, социалдык контрактты ишке ашырууда министрликтин өнөктөшү катары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
“Тандалып алынган үй-бүлөлөрдү коштоо өзүнө бизнес-пландарды иштеп чыгуу этабында кеңештерди берүүнү, бизнес-пландоону окутууга көмөк көрсөтүүнү, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнү колдоону жана катышуучунун өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын андан ары контролдоону камтыйт.
Окутуунун катышуучуларына өткөн жылдардагы социалдык контракттын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары, кайсы чөйрөлөрдө кыйла натыйжалуу жана киреше алып келүүчү долбоорлор белгиленген тармактар жөнүндө, социалдык контрактты ишке ашыруу шарттарын түзүү үчүн колдонуудагы жер жана салык мыйзамдарынын мүмкүнчүлүктөрү, алар пайдаланышы мүмкүн болгон эл аралык жана улуттук долбоорлор, социалдык контракттын катышуучуларын коштоп жүрө турган тармактык ассоциациялар, ошондой эле социалдык контрактты ишке ашыруунун реалдуу кырдаалынын негизинде окутуу кейси жедилгендиги жөнүндө айтып беришти”, – деди ал.
Окутууга Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү катышууда жана бул окутуу бүткүл республика боюнча өткөрүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар