Эмгек министрлиги: Жумуш берүүчүлөр 1899 телефону аркылуу бош жумуш орундары боюнча билдирүү калтыра алышат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш берүүчүлөрдү активдүү кызматташууга чакырат.
Министрлик иш берүүчүлөргө керектүү кадрларды табууга жардам берүүгө даяр.
Иш берүүчүлөр 1899 номери боюнча билдирүү калтырса болот, https://zanyatost.kg / порталына онлайн режиминде билдирүү калтырса болот жана калкты иш менен камсыз кылуунун аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат.
Министрликтен билдиришкендей, алар зарыл болгон учурда жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү акысыз курстарга талап кылынган адистиктерге окута алышат.
2024-06-05