Эмгек министрлиги Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачууну сунуштады
Бул тууралуу бүгүн, 6-июнунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда айтылды.
Эмгек министри Министрликтин британ тарап менен ар кандай багыттар боюнча кызматташуусунун натыйжалуулугун белгиледи.“Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жетти. Программанын катышуучулары чакан ишканаларды ачуу аркылуу тапкан каражатын өлкөбүздүн экономикасына ийгиликтүү инвестициялоодо. Ошол эле учурда кыргызстандыктар үчүн бүгүн 6 ай болгон виза коридорун кыскартса болмок. Ошондой эле Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачуу кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт эле, анткени учурда Алматыда виза алуу кошумча 76 фунт стерлингди талап кылат», — деди Гүлнара Баатырова.Жолугушуунун жүрүшүндө жумушчулардын бакубаттуулугуна, аларды жумушка алуу тартибине, жогорку акы төлөнүүчү кызматтарга тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ишке орноштурууну жөнөкөйлөштүрүү маселелери көтөрүлдү.
Тараптар ошондой эле актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар жемиштүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жалпы үмүттөрүн билдиришти.


















