Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарга дээрлик 33 миллион рубль кечиктирилген эмгек акы жана компенсация алууга жардам берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын беш айында Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 357 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга көмөк көрсөткөн.
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 30,5 миллион рублди түзгөн.
Дагы беш кыргызстандыкка өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,4 миллион рубль өндүрүп берүүгө жардам берди.
Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо үчүн Өкүлчүлүктүн кызматкерлери 21 соттук отурумга катышып, Москва шаарындагы полиция бөлүмдөрүнө, медициналык мекемелерге жана мамлекеттик органдарга 72 жолу барышкан.
4 миңден ашык кыргызстандыктар миграциялык мыйзамдар маселелери боюнча жеке кабыл алуу жана телефон аркылуу кеңештерди алышты.
Мындан сырткары, Ата-энесинин камкордугусуз калган 6 жашы жете элек балдарды мекенге кайтарып алууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган Кыргыз Республикасынын 4 жаранына жардам көрсөтүлдү.