Жылдыз Полотова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде, Полотова Жылдыз Арстанбековна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын  талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

 

Пайдалуу
Ссылкалар