Эмгек министрлиги: Өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей алышат?

 

Жайкы каникулдун башталышына байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өспүрүмдөр күнүнө канча саат иштей аларын маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, 16 жашка толгон адамдар иштей алышат. Бирок өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен 15 жаштагы өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот.

14 жашка толгон окуучулар эмгек келишимин да түзө алышат, бирок ата-энесинин биринин (камкорчу же көзөмөлчү)  камкорчу жана көзөмөлчү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана. Алар мектептен бош убактысында ден-соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессине тоскоол болбогон жеңил жумуштарды жасай алышат.

Мыйзамда жашы жете электер үчүн жумуш күнүнүн узактыгы боюнча чектөөлөр белгиленген.

14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн күнүмдүк иштин (сменанын) узактыгы 5 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн 7 сааттан ашпоого тийиш.

Окууну жумуш менен айкалыштырган жалпы билим берүү мектептеринин жана башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн максималдуу жумуш узактыгы 2,5 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн 16 саат, ал эми 3,5 жаштан 16 жашка чейинки жаштар үчүн 18 саат.

Ошол эле учурда КР Эмгек кодексине ылайык балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар