Эмгек министрлиги: 2024-жылдын I кварталында иштеп жаткан балдарды аныктоо боюнча 269 рейддик иш-чара өткөрүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтарына ылайык, 2024-жылдын I –кварталында иштеп жаткан балдарды аныктоо боюнча 269 рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мындай үзгүлтүксүз текшерүү жана рейддер ишканаларда, айрыкча айыл чарба жана соода, тамак-аш тейлөө секторлорунда жүргүзүлөт, ал жерде балдар эмгегин пайдалануу учурлары көп кездешет.

Турмуштук оор кырдаалга туш болгон ар бир аныкталган бала үчүн балдарды коргоонун Жеке планы иштелип чыгат, анын негизинде турмуштук оор кырдаалдан чыгууга багытталган балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт.

I кварталда иштеген 37 бала жана балдар эмгегинин эң начар түрлөрүнө тартылган 2 бала аныкталган.

 

 

2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда биргелешкен буйрукка кол коюлган. Аталган буйрук менен 2024-жылга карата балдар багытындагы ыкчам кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле балдар арасындагы кароосуз калгандардын, көзөмөлсүз болуулардын, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын ведомстволор аралык графиги бекитилген.

Көрсөтүлгөн графикке ылайык, Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктын жана Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан “Өспүрүм – Эмгек” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлмөкчү.

Возможно, это изображение 4 человека

 

Пайдалуу
Ссылкалар