«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 5 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 5айында 27318 телефондон кайрылуу (бир суткада 99, бир айда 5463 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 899 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 207 же 23,0% жаш балдар, ал эми 692 же 77,0% чоң кишилер), 704 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 90 абонентке психологиялык консультация берилген, 105 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

899 чалуунун ичинен: эркектерден – 178 (19,8%), аялдардан – 514 (57,2%), эркек балдардан – 59 (6,5%), кыздардан – 148 (16,5%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 262 (балдар 2);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 141 (балдар 17);

– психологиялык жабырлануу менен – 85 (балдар 61);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен  ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 81 (балдар 64);

 – үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 61 (балдар60);

– билим берүү системасы жөнүндө – 58 (балдар 7);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө – 55 (балдар 20);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө  – 32 (балдар 4);

– башка маселелер боюнча – 29 (балдар 8);

– медициналык камсыздоо жөнүндө  – 24 (балдар 3);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө  – 22 (балдар 10);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 21 (балдар 2);

– суицид жөнүндө – 4 (балдар 1);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 4 (балдар 1).

26419 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 235 (26,1%);

– Чүй облусунан – 160 (17,8%);

– Жалал – Абад облусунан – 82 (9,1%);

– Ош облусунан – 73 (8,1%);

– Ысык- Көл облусунан – 63 (7,0,%);

– Ош шаарынан – 33 (3,7%);

– Баткен  облусунан – 32 (3,6%);

– Талас облусунан – 23 (2,6%);

– Нарын  облусунан – 17 (1,9%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 181 (20,1%).

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

105 кабарланган билдирүүнүн ичинен 83 (73,3%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  18 (22,9%) – ички иштер органдарына,  ӨКМ – 3 (2,8%), Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына – 1 (1,0%) жөнөтүлгөн.

 Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү. 

105 кабарланган билдирүүнүн ичинен:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 6 факты анык болгон (3 үй бүлө арыз менен РИИБна арыз менен кайрылган, 1 – мас абалдагы ата РИИБ жеткирилген, 3 бала үй бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факты боюнча небереси чоң энесине убактылуу камкордукка берилген, 1 үй бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 2 факты боюнча абонент РШЭСКМБнын кызматкерлеринин келүүсүнөн баш тарткан), 6 факты факты аныкталган эмес, 10 каралууда;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 3 факты боюнча аялдар РШИИБна арыз жазган, аларга коргоо ордерлери берилген, 1 факт боюнча аял күйөөсү жаңжалдашканбыз деген жүйө менен РИИБнө арыз жазгандан баш тарткан,  1 факт боюнча атасы жана балдары көзөмөлгө алынган, 1 эркек мас абалда РИИБна жеткирилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кызды апасы доктурга алып барган, 2 факты аныкталган эмес, үй бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 2 каралууда;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 1 факты боюнча балдар биологиялык атасына берилген, 1 факты боюнча чоң эне небересин кароого милдеттеме менен алып кеткен, 1 жашы жетелек кыз тайжесине убактылуу камкордукка берилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кыз убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факт аныкталган эмес, 3 каралууда;

– суицид жөнүндө: 2 факт аныкталган эмес, себеби абоненттер мас абалда болгондуктан, РИИБна жеткирилген, 1 жаран Эрте кийлигишүү борборуна жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 40 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган, 12 каралууда.

РШИИБнын кызматкерлери 18 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүгөн (1 өспүрүм бала убактылуу борборго жайгаштырылган).

– жардам берүү тууралуу: 1 абонент убактылуу борборго жайгаштыруудан баш тарткан;

– билим берүү системасы боюнча: 1 факт боюнча мектептин директору мугалим жана ата – эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн;

– башка маселе боюнча: 1 факт (жашы жетелек боюнда бар кыз төрөгөнгө чейин Октябрь РСӨБында көзөмөлдө жана каттоодо болот);

– мектептеги рэкет тууралуу: 1 буллинг факт аныкталган, жашы жетелек бала башка класска которулган, 2 факт боюнча РИИБ ЖӨИИ тарабынан окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2024 – жылдын 5 айында (899 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2023 – жылдын 5 айынын (905 чалуу) деңгээлинде калган.

Пайдалуу
Ссылкалар