«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын июнь айынын биринчи жумасынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1 – 8 июнуна чейин 1167 телефондон кайрылуу (бир суткада 166 чалуу) түшкөн.

44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 15 же 34,1% жаш балдар, ал эми 29 же 65,9% чоң кишилер), анын ичинен 27 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 10 абонентке психологиялык консультация берилген, 7 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун ичинен: эркектерден – 6 (13,6%), аялдардан – 23 (52,3%), эркек балдардан – 8 (18,2%), кыздардан – 7 (15,9%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

 – психологиялык жабырлануу менен – 10 (балдар 8);

– социалдык жардам корсөтүү жөнүндө – 9 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 6 (балдар 1);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 5 (балдар 3);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 5 (балдар 0);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 2);

– үй – бүлөлүк зомбулук корсотүлгөн  жөнүндө – 2 (балдар 0);

– билим берүү системасы  жөнүндө – 2 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 2 (балдар 0).

1123 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 11 (25,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 9 (20,5%);

– Чүй облусунан – 8 (18,2%);

– Ош  облусунан – 3 (6,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 2 (4,5%);

– Баткен  облусунан – 2 (4,5%);

– Нарын облусунан – 2 (4,5%);

– Ош шаарынан – 1 (2,3%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 6 (13,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар