Эмгек министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова: Кыргызстанда балдар эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылуудан корголот

Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган “Балдар эмгеги: социалдык-экономикалык саясаттагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова катышты. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Анын айтымында, балдардын укуктарын коргоо 1992-жылы ратификацияланган Эмгекке орношуу үчүн минималдуу жаш курагы боюнча Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясында кепилденген.
«Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өспүрүмдөр 14 жаштан баштап бош убактысында ден соолугуна зыян келтирбеген, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган жеңил жумуштарды аткара алышат.
Окуу менен жумушту айкалыштырган окуучулар үчүн жумушка орношуу 14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн 2,5 сааттан жана 16 жаштан 18 жашка чейинки жаштар үчүн 3,5 сааттан ашпайт. Ошол эле учурда КР Эмгек кодексине ылайык, балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат», – деди ал.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын Төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Ф.Эберт фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн директору Филипп Ян жана башкалар катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар