Эмгек министрлигинин кызматкерлери Балдарды коргоо борборуна барышты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери балдарды коргоо борборунда уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарага катышышты.
Балдар үчүн “Кесип тандоонун маанилүүлүгү” деген интерактивдүү семинар уюштурулуп, ата-энелерге оор эмгектин зыяндуулугу жөнүндө лекция окулду.
Министрлик боюнча өспүрүмдөргө жана жаштарга кесипти туура тандоого жардам берүү үчүн чоң иштер жүргүзүлүүдө.





2024-06-12