Эмгек министрлиги: 920 социалдык кызматкер 9 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарандардын 4 категориясы – жалгыз бой улгайган адамдар, майыптыгы бар адамдар, улгайган жубайлар же өзүн карай албаган майыптыгы бар жарандар, балдары бар оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үйүндө социалдык кызматтарды алууга укуктуу.
Социалдык кызматкер кызмат алуучуга аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен өзүнүн жеке графиги боюнча жумасына эки жолудан кем эмес барат. Ар бир социалдык кызматкерге 8-12 адам бекитилет.
Учурда 920 социалдык кызматкер үйүнө 9073 кызмат алуучуну социалдык кызмат көрсөтүшөт.
Алардын ичинен 3 670 улгайган адамдар, 2 083 майыптыгы бар жарандар, 186 жубайлар жана 3 133 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр.
2024-06-13