Эмгек министри Жылдыз Полотова аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө кандай шарттар түзүлгөндүгү тууралуу

Бүгүн, 14-июнда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча донордук жолугушууга катышты.
Жолугушуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында болуп, аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту.
“Бүгүнкү күндө аялдар Кыргыз Республикасынын экономикасына, жергиликтүү жамааттардын өнүгүшүнө чоң салым кошууда. Эки жылдын ичинде “Социалдык когтракт” программасынын алкагында 12 миңден ашык аял киреше алып келүүчү бизнести ачуу жана кошумча жумуш орундарын түзүү менен өзүнүн лидерлик сапаттарын көрсөттү. Ошентип, аял лидерлердин өзгөчө жарандык резерви түзүлдү.
Министрликтин багыты боюнча адам капиталын өнүктүрүүгө, анын ичинде айрыкча айыл жеринде жашаган аялдарга чоң көңүл бурулат. Аялдардын ишкердүүлүгүнө, “жашыл экономика” алкагындагы долбоорлорго жана жергиликтүү жамааттардын жашоосун жакшыртуу боюнча социалдык маанилүү демилгелерге колдоо көрсөтүлүүдө.
Аялдардын өзүн – өзү ишке өнүктурүүсү үчүн шарттарды түзүү менен Министрлик тарабынан жумуш ордунда ыдык көрсөтүүнү жана куугунтуктоону жоюу жөнүндө ЭЭУнун конвенциясынын 190-ратификациясы иштелип чыккан, бул аялдардын эмгектик жана карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, алардын коопсуз эмгекке болгон укугун камсыз кылат”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар