Эмгек министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусуна качан жазылса болот

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусуна ар жума күнү саат 08.00дөн 10.00гө чейин жазылса болот. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Кабыл алуу 0312 66 01 07 телефону аркылуу жүргүзүлөт.
Биринчи кабыл алуу бүгүн, 14-июнда болду. Коомдук кабылдамада министр санатордук –курорттук жолдомо боюнча, жумушка орноштуруу, активдүү узак жашоо борборун түзүү боюнча жарандардын суроолорун жана көйгөйлөрүн укту.
Бардык кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди
Пайдалуу
Ссылкалар