Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 33 миллион сомдон ашык айлык акы жана жаракат үчүн компенсация төлөндү

 

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери жарандардын кайрылууларынын негизинде ишкердик субъекттерине 428 текшерүү жүргүзүлгөндүгүн министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 265 000 сом айып салынып, өндүрүштөгү жаракаттан улам ден соолукка келтирилген зыян үчүн 17 323 125 сом төлөнгөн.

Ошондой эле Кызмат кармалган эмгек акыны 16 миллион сомдон ашык төлөп берүүгө жетишкен.

Жыл башынан бери балдар эмгегине каршы күрөшүү чаралары күчөтүлгөндүгүн Министрликтен билдиришти. Беш ай ичинде 279 рейд жүргүзүлүп, иштеп жаткан өспүрүмдөр боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Возможно, это изображение 9 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар