Эмгек министрлигинин кызматкерлери тазалыкты сактоо максатында ишембилик өткөздү

Бүгүн, 15-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ишембиликтин катышуучулары министрликтин аймагындагы тротуарларды, арыктарды таштандылардан тазалашты. Ошондой эле кызматкерлер иш бөлмөлөрүн тазалашты.
Ишембилик министр Жылдыз Полтованын катышуусунда өттү. Мындан тышкары Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусу менен ишембилик өткөрүлдү.
Пайдалуу
Ссылкалар