Ысык-Ата районунда 125 үй-бүлөгө Курман айт майрамына карата эт таратылды

Бүгүн, 16-июнда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Менар” коомдук фонду, Европадагы IGMG Hasene International колдоосу менен Кант шаарында аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кайрымдуулук акциясына катышты. Курман айт майрамына карата 125 үй-бүлөлөргө 3 жана 5 кг эт таратылды.
Кайрымдуулук акциясы «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды камтыды.
Жылдыз Полотова белгилегендей, майрам күндөрү курмандыкка чалынган малдын этин таратуу өзгөчө мааниге ээ, анткени көпчүлүк адамдар каржылык кыйынчылыктардан улам эт жана эт азыктарын көп колдоно алышпайт.
одукцию.
Пайдалуу
Ссылкалар