Эмгек министри Жылдыз Полотова: Ири өндүрүштөрдү кадрлар менен камсыз кылуу артыкчылыктуу болот

 

Бүгүн, 19-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Бишкек шаарындагы өндүрүштөрдө кадрлар менен камсыз кылуу маселелери боюнча жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуулар КМШдагы эң ири ишканалардын бири жана Борбордук Азиядагы автомобиль радиаторлорун долбоорлоо жана өндүрүү тармагындагы жалгыз ишкана “Автомаш Радиатор” ЖЧКсында жана Кыргызстандагы трикотаж кездемелерди чыгаруучу “Текстиль Транс” ЖЧКсында өттү.

Министрдин иш сапарынын жүрүшүндө жумушчулардын эмгек, социалдык шарттары жана кепилдиктери, өсүү перспективалары жана ишканалардын ишинин башка багыттары каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Автомаш Радиатор” ЖЧК “УАЗ”, АМО “ЗИЛ”, “КАМАЗ” ААК, “ГАЗ” АК жана башкалар сыяктуу Россиянын, Белоруссиянын, Өзбекстандын, Украинанын ири заводдорун комплекттеп жатканы айтылды.

Ал эми “Текстиль Транс” компаниясы күнүнө 10 тонна трикотаж буюмдарын чыгарат жана ЕАЭБдин бардык аймагы боюнча жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү. Продукциялар ички рынокто сатылып, Россия менен Казакстандын шаарларына жеткирилет.

«Биздин өлкө үчүн кадр маселеси барган сайын курчуп баратат. Азыркы учурда экономиканын өнүгүшү менен атамекендик иш берүүчүлөр кызматкерлердин жетишсиздигин сезип жатышат. Мисалы,” Автомаш радиаторунда” 40дан ашык (фрезерлер, токарлар, щифовщиктер, айдоочу механик ж. б), ал эми текстиль фабрикасында 300гө жакын бош орун бар (тигүүчүлөр, чулки – механиктер).

Жолугушуунун жыйынтыгында иш менен камсыз кылуу кызматтарына жаштарды жана жумушсуз жарандарды бош орундарга жөнөтүү, ошондой эле улуттук эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттү курстарга окутууну уюштуруу боюнча иштерди күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Биздин приоритетибиз – өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө чечкиндүү салым кошкон ири өндүрүштөрдү колдоо”, – деди Жылдыз Полотова.

Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай жолугушуулар иш берүүчүлөрдү колдоо жана өлкөдөгү жумушсуз жарандардын санын азайтуу алкагында башка облустарда да улантылат.

Пайдалуу
Ссылкалар