Эмгек министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусу болуп өттү

Бүгүн, 21-июнь, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жарандарды жеке кабыл алды.
Коомдук кабылдамада министрге жарандар кайрылман статусу, социалдык кызматкер бекитип берүү, ишке орношууга көмөк көрсөтүү, МСЭК маселеси, санатордук –курорттук жолдомо маселелери боюнча кайрылышып, суроолорун беришти.Бардык кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусуна ар жума күнү саат 08.00дөн 10.00гө чейин жазылса болот
Кабыл алуу 0312 66 01 07 телефону аркылуу жүргүзүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар