Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Эмгек министри кимди сыйлады

 

Бүгүн, 21-июнда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова борбордук аппараттын жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн кызматкерлерин келе жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнү менен куттуктады.

Жогорку кесипкөйлүгү жана кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн төмөнкү кызматкерлер “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты:

  • Окоева Г.К.- Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Чолумова Н.Т.- Майыптыгы бар жана улгайган жарандарга чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы;
  • Абелдиева Э.Т.-Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
  • Балбаков А.А.- Социалдык коргоо департаментинин директору;
  • Абдуллаев К.А.- Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы;
  • Жекшенов Т.Б.- Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • Бектурганова А.К.- Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы;
  • Женишова Ч.Ж.- Тогуз-Торо райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы;
  • Бекиева С.О.- Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси.

Дагы төрт кызматкер Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты, 14 кызматкер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыктары менен сыйланды.

Пайдалуу
Ссылкалар