Сокулук районундагы 49 аз камсыз үй-бүлө социалдык контракттын алкагында чакан ишканаларды ачат
Бүгүн, 21-июнда Сокулук районунда 49 үй-бүлө мамлекет менен “Социалдык контракт” түзүп, кичи ишкана ачууга 100 миң сомдук сертификат алышты. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Сертификаттарды тапшыруу бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, райондун акими Ильяз Ташкулов жана Дүйнөлүк банктын өкүлү Ораз Султановдун катышуусунда болуп өттү.
“Быйыл Сокулук районуна 134, анын ичинде республикалык бюджеттен 125, Дүйнөлүк банк боюнча 9 квота бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 49 үй-бүлө социалдык контракт түзүштү. Республика боюнча жалпысынан 2 575 жакыр жана аз камсыз болгон үй – бүлөлөр мамлекет менен социалдык контрактка кол коюшту”, – деди Жылдыз Полотова.
2024-06-21