«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын июнь айынын үчүнчү жумасынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 15- 22- июнуна чейин 1106 телефондон кайрылуу (бир суткада 158 чалуу) түшкөн.

36 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 9 же 25,0 % жаш балдар, ал эми 27 же 75,0 % чоң кишилер), анын ичинен 27 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 4 абонентке психологиялык консультация берилген, 5 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

36 чалуунун ичинен: эркектерден – 7 (19,4%), аялдардан – 20 (55,6%), эркек балдардан – 3 (8,3%), кыздардан – 9 (16,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам корсөтүү жөнүндө – 9 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 4 (балдар 1);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 2);

– психологиялык жабырлануу менен – 4 (балдар 2);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 4 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 3 (балдар 2);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 2 (балдар 0);

– үй- бүлөлүк зордук көрсөтүлгөн жөнүндө– 2 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 2 ( балдар 1);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 1 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0).

1070 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Ош облусунан – 8 (22,2%);

– Чүй облусунан – 5 (14,0%);

– Бишкек шаарынан – 4 (11,1%);

– Ысык –Көл облусунан – 3 (8,3%);

– Нарын облусунан – 3 (8,3%);

– Баткен облусунан – 3 (8,3%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 10 (27,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар