Эмгек министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорго мониторинг жүргүзүүдө

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жыл сайын каражат бөлүп турат. Бул долбоорлор коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсунда жеңип чыккан коммерциялык эмес уюмдар тарабынан ишке ашырылат.

2023-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан 44,9 млн.сом 71 социалдык долбоорду колдоого каржыланган. Үстүбүздөгү жылы бул максаттарга 48,8 млн.сом каралган.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, мамлекеттик заказчы катары, социалдык пайдалуу долбоорлордун ишке ашырылышын мониторинг жүргүзүү укугуна ээ.

Социалдык пайдалуу долбоорлорду баалоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт: социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугу жана даректүүлүгү, көрсөтүлүүчү кызматтардын толуктугу, кесипкөй даярдалган кадрлардын болушу, менчик же ижарага алынган жайдын болушу ж.б.

Министрлик коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишпейт, бирок бөлүнгөн каражаттардын (гранттардын) максаттуу пайдаланылышына жана мамлекеттик социалдык заказдын талаптагыдай аткарылышын көзөмөлдөөгө укуктуу.

Министрлик коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишпейт, бирок министрлик тарабынан бөлүнгөн каражаттардын (гранттын) максаттуу пайдаланылышын жана мамлекеттик социалдык заказдын талаптагыдай аткарылышына мониторингди жүргүзүүгө укуктуу.

Пайдалуу
Ссылкалар