Эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Евро Хантер Компани”ЖЧКсынын ишин токтотту
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Евро Хантер Компани” ЖЧКсынын Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердигин жүргүзүүгө лицензияларынын аракетин токтотту.
Мындай чечим “КР жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун нормаларын бузууга байланыштуу кабыл алынды.
Мындан тышкары, КР жарандарынан агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрүн көпкө күтүүгө келип түшкөн даттанууларга байланыштуу жана түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн жана КР жарандарынын кызыкчылыгында Борбор “Евро Хантер Компани” ЖЧКсына төмөнкү талаптарды койгон:
– учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы талапкерлерди тартууну токтотуу;
– кызмат көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү.
Борбор кырдаалга көз салып, КР жарандарынын укуктарын коргоо үчүн чараларды көрүүнү улантууда. Ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду керектүү маалымат жана жардам алуу үчүн борборго кайрылууга чакырат.