Эмгек жана Билим министрликтери көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча жаңы “Чебер” долбоорун ишке киргизди

 

Бүгүн, 5-июлда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Хелветас Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалы ортосунда суроо-талапка ээ болгон жумушчу көндүмдөрүн алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ийгиликтүү ишке орноштурууга багытталган “Чебер” Кыргызстандагы көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

“Бүгүн КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен министрлик эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кошумча көндүмдөрдү алууга, кайра даярдоодон өтүүгө же квалификациясын жогорулатууга жардам берүү ыкмаларын кайрадан карап чыгууда. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 250 миң жумуш ордун түзүү боюнча тапшырмасынын алкагында жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча ар кандай активдүү чаралар жана программалар ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарында кадрларга болгон суроо-талапты аныктоо жана жакынкы 3-5 жылга эмгек рыногунда кадрларга суроо-талапты болжолдоо үчүн Улуттук эмгек рыногун изилдөө жүргүзүлүүдө. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен ушул жылдын аягына чейин кадрдык божомол (прогноз) түзүлөт», – деди Жылдыз Полотова.

Жылдыз Полотова кызматташуунун негизги приоритеттерин баса белгиледи.

“Биз үчүн мектептерде кесипке багыт берүү системасын куруу, ишканаларда көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүү үчүн аянтчаларды ачуу маанилүү. Насаатчылык, тажрыйба берүү системасын өнүктүрүү жана жумуш ордунда жогорку квалификациялуу адисти түзүү зарыл.

Байыркы доордон бери кыргыздар кийизден буюмдарды: ала кийизди жана шырдакты, күнүмдүк турмушта колдонулуучу кийиздерди жасап келишкен. Кыргызстан элдеринин маданий мурастарын сактоо үчүн кол өнөрчүлөрдүн ишкердигин өнүктүрүү жана өркүндөтүү маанилүү.

Жаштарды кесип тандоого багыттоого көмөктөшүү үчүн “кесиптер дүйнөсүндө” оюн – окутуу борборун түзсө болот,анда жаштарды келечектин кесиптери менен тааныштырып, инженердик адистиктерге, технологияларга, санариптик экономикага техникалык көндүмдөрдү жана кызыгууну үйрөтсө болот”, – деди ал.

Хельветас Свисс Интеркооперейшн колдоосу менен “Чебер” долбоорунун биринчи фазасы 2027-жылдын 31-октябрына чейин ишке ашырылат.

Пайдалуу
Ссылкалар