«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын июнь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1- июнунан 1-июлуна  чейин 4900 телефондон кайрылуу (бир суткада 163 чалуу) түшкөн.

174 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 52 же 30,0% жаш балдар, ал эми 122 же 70,0 % чоң кишилер), анын ичинен 124 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 29 абонентке психологиялык консультация берилген, 21 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

174 чалуунун ичинен: эркектерден – 29 (16,7%), аялдардан – 93 (53,4%), эркек балдардан – 18 (10,3%), кыздардан – 34 (19,5%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам корсөтүү жөнүндө – 41 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 30 (балдар 6);

– психологиялык жабырлануу менен – 29 (балдар 18);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 18 (балдар 7);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 16 (балдар 10);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 15 (балдар 3);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 6 (балдар 2);

– башка маселелер боюнча – 5 ( балдар 3);

– үй- бүлөлүк зордук көрсөтүлгөн жөнүндө – 4 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 4 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 3 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 2 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 1 (балдар 0).

4726 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 37 (21,2%);

– Чүй облусунан – 27 (15,5%);

– Ош облусунан – 17 (9,8%);

– Ысык –Көл облусунан – 16 (9,2%);

– Джалал-Абадд облусунан – 9 (5,2%);

– Баткен облусунан – 9 (5,2%);

– Нарын облусунан – 7 (4,0%);

– Ош шаарынан – 6 (3,4%);

– Талас облусунан –1 (0,6%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 45 (25,9 %).

Пайдалуу
Ссылкалар