Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүнө жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана консультация алуу үчүн кайрылган

Россия Федерациясында жүргөн же жашап жаткан дээрлик 4,7 миң кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнө өз укуктарын коргоодо кеңеш жана жардам сурап кайрылышкан.
Консультациялар жеке кабыл алуу учурунда жана телефон аркылуу берилди.

Ошондой эле, кызматкерлер кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65  жолу 239 КР жаранынын кызыкчылыгында Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышкан. Ошондой эле Россиянын ар кайсы шаарларындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 9 жолу барып, 160тан ашуун адам КР жарандары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Эмгек министрлиги мекеменин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгү эмгек миграциясы маселелери боюнча, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө консультацияларды берип, ошондой эле мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүп жатканын эскертет.
Мындан тышкары, өкүлчүлүккө КР жарандарынын сөөгүн мекенине репатриациялоого байланыштуу бир жолку төлөмдөр жана жумуш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөгөндөр боюнча да кайрылса болот.
Возможно, это изображение 9 человек, улица и текст
Пайдалуу
Ссылкалар