Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 6 айынын иши тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 6 айынын иши тууралуу маалымат

 Борбордун психолог – кызматкерлери:

– телефон аркылуу күнү – түнү  кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт);

– чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, анкета толтурушат, бардык сүйлөшүүлөр жазылат, сунуш беришет, кабыл алынган билдирүүлөр тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга алардын компетенциясына ылайык кайрылууларды кабарлайт.         

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 6 айында 32218 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 177, бир айда 5369 чалуу) түшкөн.

1073 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (259 (24,1%) жаш балдар, ал эми 814 (75,9% чоң кишилер), анын ичинен 829 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 119 абонентке психологиялык консультация берилген, 125 кайрылуу мүнөзүнө жараша, компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1073 чалуунун  ичинен эркектерден – 207 (19,3%), аялдардан – 607 (56,5%), эркек балдардан – 77 (7,2%), кыздардан – 182 (17,0%). 

302 (балдар 3) же 28,1% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, кош бойлуулук жана төрөт, майыптыгы, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул чектөө жана төлөө, жеке ассистенттин кызматы, балдарга мамлекеттик депозит, бала асырап алуу, майыптыгы бар адамдарга жол киреге жеңилдик, майыптыкты узартуу, баланы убактылуу ИТБМ, борборго жайгаштыруу, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, эмгек укугу бузулган учур, жумушсуздук боюнча окуу стипендияны төлөбөй койгондук жөнүндө  кайрылышкан.

172 (балдар 23) абонент же 16,0% чалып, финансылык, гуманитардык,  үй  берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт алуу, пенсияны кайра эсептөө, балдарды, агасын издөө, кызы менен байланышуу, бейтааныш адамдардын, моб. телефон аркылуу коркутуулар жөнүндө, чоң кишиге зомбулук, коомдук автотранспортто ыдык көрсөтүлгөн учурда, МСЭКтин иштөө убактысы, милиция, куткаруучуларды чакыруу жөнүндө, психологдун, юристин, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Психологиялык жабырлануудан 114 (балдар 79) же 10,6% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна ата-энесине, досторуна таарыныч, ата – эне тарабынан түшүнбөстүк, көңүлкоштук, сүйүүнүн жоктугу, ажырашуусу, капалануу жана тынчсыздануу, жаңжалдар,  кызгануу, жалгыздык, коркунуч, стресс, депрессия, апатия, тынчсыздануу, паника чабуулу, жаман ойлор, өзүнө нааразы болуу, өзүн – өзү айоо, төмөн баалоо, сындоо, салттуу эмес багыт, социофобия, жашоодогу  кыйынчылыктар себеп болгон.

97 (балдар 74) кайрылгандар же 9,0% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара  мамилеси жөнүндө суроолор түзгөн. Балдар ата – энеси, агасы, эжеси,  достору, классташтары, теңтуштары, небереси менен, окуучулар менен мугалимдин өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, криптоманияга кабылган, үйдөн кетип калган учурлар, окуудагы кыйынчылыктар тууралуу кайрылган.

Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 76 (балдар 9) же 7,1% абонент чалган. Буларга ата-энеси, аял – күйөөсү, мурунку күйөөсү, агасы, эжеси менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, баласы менен жолугууга тыюу салуу, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү себеп болгон.

73 (балдар 27) же 6,8% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, чоң эенеси, камкорчусу, өгөй энеси, баласы, агасы, тайкеси, тайжеси, теңтуштары, группалаштары, мугалимдери, кошунасы, белгисиз адам, кошунасынын балдары тарабынан болгонун кабарлаган.

Билим берүү системасы жөнүндө 62 (балдар 7) же 5,8% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге, мектеп интернатынын тарбиячысына, бала бакчага даттанган, ЖРТ, 1 – класска электрондук каттоо, бала бакчага орноштуруу жөнүндө сураган.

36 (балдар 5) же 3,4% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, мурунку күйөөсү, атасы, өгөй атасы, баласы, күйөө баласы, туугандары, психикалык жактан жабыркаган эжеси тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлаган.

34 (балдар 11) же 3,2% чалуулар ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (соцтармактар аркылуу коркутуу, батирдин ээсине, кошунасына, РФ куралдуу күчтөрүнө кошулуу жөнүндө пропагандалоого даттануу, кош бойлуу жашы жетелек кыз жөнүндө маалымат, өзү жөнүндө аңгеме, намазга жыгылууга мажбурлоо, «Түндүк»  мампорталына катталуу, КР Президентине кайрылуу тууралуу).

27 (балдар 4) же 2,5% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне, тайжеси тарабынан кайдыгер мамиле кылганы жөнүндө чалган.

25 (балдар 3) же 2,3% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган (доктурга, медициналык мекемеге, тез жардам кызматына даттануу,  прививка, баласынын ооруусу, ден соолугунун көйгөйү, медициналык кызматтын акысына даттануу тууралуу).

25 (балдар 11) же 2,3% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү, анын иши жана 111дин постерлери жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.

22 (балдар 0) же 2,0% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (РИИБ, РЭСКМБтын, МСЭКке, ССМдин доктуруна, айыл өкмөткө, иш берүүчүгө, РЭСке, Соцфондко).

4 (балдар 1) же 0,4% суицид жөнүндө чалган (баласынын ооруусу, дин агымын тандоосу себеп болгон, курбусуна жардам сураган).

4 (балдар 2) абонент же 0,4% мектептеги рекэт (жогорку класстын окуучулары тарабынан, мектептеги буллинг) жөнүндө билдирген.

31145 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Түшкөн 1073 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   – 272 (25,3%);

– Чуй облусунан – 187 (17,4%);

– Жалал – Абад облусунан – 91 (8,5%);

– Ош облусунан – 90 (8,4%);

– Ысык – Көл облусунан – 79 (7,4%);

– Баткен облусунан – 41 (3,8%);

– Ош шаарынан –39 (3,6%);

– Талас облусунан – 24 (2,2%);

– Нарын облусунан – 24 (2,2%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 226 (21,1%).

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

125 кабарланган билдирүүнүн ичинен 99 (79,2%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РЭСКМБ) жөнөтүлдү,  21 (16,8%) – ички иштер органдарына,  ӨКМ – 4 (3,2%), Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгына – 1 (0,8%) жөнөтүлгөн.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү. 

125 кабарланган билдирүүнүн ичинен:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 8 факты анык болгон (3 үй бүлө РИИБна арыз менен кайрылган, 1 – мас абалдагы ата РИИБна жеткирилген, 4 бала үй бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 факты боюнча өспүрүм балдар туугандарына убактылуу камкордукка берилген, 1 үй бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 2 факты боюнча абоненттер РЭСКМБ кызматкерлеринин үйгө келүүсүнөн баш тарткан, 10 факты аныкталган эмес, 11 каралууда;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 4 факты боюнча аялдар РИИБна арыз жазган, аларга коргоо ордери берилген, 1 факт боюнча аял күйөөсү жаңжалдашканбыз деген жүйө менен РИИБна арыз жазгандан баш тарткан,  1 факты боюнча атасы жана балдары көзөмөлгө алынган, 1 мас күйөө РИИБна жеткирилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кызды апасы доктурга алып барган,  2 факты аныкталган эмес, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 3 каралууда;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 1 факты боюнча балдар биологиялык атасына берилген, 1 факты боюнча чоң эне небереси үчүн милдеттенме менен алып кеткен, 1 кыз тайжесине убактылуу камкордукка берилген, 1 жашы жетелек кыз убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 факты аныкталган эмес, 4 каралууда;

– суицид жөнүндө: 2 факты аныкталган эмес, себеби абоненттер мас абалда болгондуктан РИИБна жеткирилген, 1 адам Эрте кийлигишүү борборуна жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РЭСКМБнын кызматкерлери 41 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган, 15 каралууда;

РИИБнын кызматкерлери тарабынан 19 үй бүлөгө жашаган жерине барып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн;

– жардам берүү жөнүндө кайрылган 1 киши убактылуу Борборго жайгаштыруудан баш атрткан, 1 абонентке милиция кызматы чакырылып берилген, бирок ал жашаган даректе болгон эмес жана байланышка кайра чыкпаган, 1 факты боюнча ӨКМнин куткаруу кызматы лифттен чыга албай калган балдарды куткарган, 1 факты боюнча жаш өспүрүм убактылуу борборго жайгаштырылган;

үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РЭСКМБнын кызматкерлери өспүрүм баланын апасы менен байланыша алган эмес (байланыш жеткиликтүү эмес болгон, ал эне өзү да байланышка кайра чыккан эмес), 1 факты боюнча  РИИБнын кызматкерлери үй бүлөгө жашаган жерине барып, мас абалдагы атасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, 1 каралууда;

– билим берүү системасы боюнча: 1 факт боюнча мектептин директору мугалим жана ата – эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн;

– башка маселе боюнча: 1 кайрылуу боюнча Октябрь РСӨБ жашы жетелек – боюнда бар кызга баласы төрөлгөнчө көзөмөлгө жана контролго алган;

– мектептеги рэкет тууралуу: 1 буллинг фактысы аныкталган, жашы жетелек бала башка класска которулган, 2 факты боюнча РИИБнын тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2024 – жылдын 6 айында (1073 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2023 – жылдын 6 айынын (1094 чалуу) деңгээлинде калган.

Пайдалуу
Ссылкалар