Министрлер Кабинетинин башчысы социалдык контракт долбоорунун катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасын бекитти
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 1-июлундагы 390-р буйругу менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасын бекитти.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ААК “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” менен биргеликте социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жеке ишкерлерге жана катышуучулардын ичинен чарба жүргүзүүчү субъекттерге пайызсыз насыяларды берүүнү уюштуруу тапшырылды.
Финансы министрлигине Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2024-жылга келишимдин негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү үчүн ААК “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” пайыздык ставкаларын субсидиялоого Эмгек министрлигине республикалык бюджеттен 6 млн 760 миң сом бөлүү тапшырылды.
Чечим ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит түрүндө финансылык колдоо көрсөтүү үчүн кабыл алынды.