Аламүдүн районундагы 146 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат берилди
Бүгүн, 15-июлда “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз ишин баштоо үчүн 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку кайтарымсыз каражаттарды төлөө уланууда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова тандалып алынган үй-бүлөлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды.
Программанын алкагында 2 жылдын ичинде райондо 109 бизнес-долбоор ишке ашырылган. Алардын ичинен эң көбү айыл чарбасында (60), өндүрүштүк сектордо – 42, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 2, соода чөйрөсүндө-5 долбоор ишке ашырылган.
Бүгүнкү күндө социалдык контрактты бекитилген квота менен 146 үй-бүлө алышат. Анын ичинен республикалык бюджеттен-120, Дүйнөлүк банктан-26″, – деди министрдин орун басары.