1 859 психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин интернаттарында социалдык жактан тейленет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүнкү күндө аларда жалпысынан 2 383 кызмат алуучулар жашайт, анын ичинен 524 адам – улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар, 1 859 адам – чоң кишилер жана психоневрологиялык диагнозу бар балдар.
Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жайгаштыруу жана социалдык жактан тейлөө алуу укугу 4 жаштан 18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар балдарга, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөрү боюнча социалдык мекемеде болууга каршы келбеген 18 жаштан жогору I жана II топтогу майыптуулугу бар жарандарга берилет.
Социалдык стационардык мекемелерде жалгыз бой улгайган жарандар, үй-бүлөлүү жубайлар жана майыптыгы бар, өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз жана башка бирөөнүн багуусуна муктаж адамдар да жашоого укуктуу.
2022 – жылдан баштап суткасына тамак-ашка чыгымдарды каржылоо эки эсеге көбөйтүлүп, чоңдор үчүн 200 сом, бала үчүн 220 сомду түздү.
Пайдалуу
Ссылкалар