Эмгек министрлиги жеке ишке орноштуруу агенттиктерине көзөмөлдү күчөтүү боюнча чараларды сунуштады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Solidarity Center» борборунун колдоосу менен «Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун жаңы долбоорун талкуулоого арналган талкуу аянтчасын өткөрдү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковна, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт, тышкы жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору, «Инсан Лейлек» коомдук фонду жана жеке ишке орноштуруу агенттиктери катышты.
Талкуу аянтчасы жаңы Жобонун негизги аспектилерин талкуулоо жана конструктивдүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн чогултту. Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө бардык кызыкдар тараптардын ачык диалогун жана активдүү катышуусун камсыздоо.
Садамдашуу сөзүндө КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева чет өлкөгө иштөө үчүн барган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жаңы Жобонун кабыл алынышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, мыйзамдык жактан колдоо жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүн эффективдүү жөнгө салуу эмгек миграциясынын коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуунун негизги факторлору болуп саналарын белгиледи.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт өз сөзүндө Жобонун долбоорунда сунушталган негизги өзгөртүүлөргө жана жаңычылдыктарга токтолуп, бул кошумча талаптарды жана стандарттарды киргизүү, ведомстволордун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү жана контролдоону күчөтүү болуп саналарын билдирди.
Талкуу аянтчасынын катышуучулары сунушталган өзгөртүүлөрдү активдүү талкуулап, өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты. Талкуунун жүрүшүндө иш менен камсыз кылуу агенттиктердин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, жарандарды жана жөнөтүүчүлөрдү маалыматтык-укуктук жактан камсыздоо, ошондой эле чет өлкөдө иштегенден кийин мекенине кайтып келген адистерди реинтеграциялоо чаралары тууралуу маселелер козголду.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеке ишке орноштуруу агенттиктери менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле жаңы талаптарды жана стандарттарды ишке ашыруу боюнча мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Пайдалуу
Ссылкалар