Эмгек министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт: Алай районунда дагы 35 үй-бүлө мамлекеттин жардамы менен бизнес баштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Алай районунда “Социалдык контракт” долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жасап келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Мониторингдин жүрүшүндө Дарманкул уулу Бакыт мамлекеттен каржыланган үй-бүлөлөрдү тандап барып көрдү.
«Бардык үй-бүлөлөр киреше гана алышпастан, бизнесин кеңейтүүнү да пландап жатышат. Бул “Социалдык контракт” долбоорунун натыйжалуулугунун өтө олуттуу көрсөткүчү.
Мисалы, Ак-Босого айылынын тургуну Айжамал Мамасадык кызы мурда беш баласына жөлөк пул алып келсе, бүгүнкү күндө 200 тоок сатып алып, айына 20 миң киреше табат. Ал эми 2023-жылы Сары-Могол айылынын тургуну Гүлзада Абдурахманова түшкөн каражатка 2 тигүүчү машина сатып алган. Учурда ал киреше алып эле тим болбостон, эки жумуш ордун түздү», – деди ал.
Министрдин орун басарынын айтымында, эки жыл ичинде Ош облусунун Алай районундагы 352 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сом алып, өз ишин баштаган.
«Үстүбүздөгү жылы облус боюнча жалпы квота 7085 үй-бүлөнү түзсө, анын 584ү Алай районунан болот. 126 үй-бүлө социалдык контракт алды (республикалык бюджеттен 35, Дүйнөлүк банктан 91). Бүгүн Алай районунун 35 үй-бүлөгө сертификаттарды тапшырдык», – деди ал.
казал он.
Пайдалуу
Ссылкалар